Бишкектеги базарлардын бириндеги кампаны талкалап кирип сыналгы уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 43 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 31-мартта саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар "Ош базарында" жайгашкан кампанын эшигин талкалап кирип, 26 миң сомдук сыналгыны уурдап кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы М.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.