Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз өлкөсүндөгү жарандар арасында кеӊири тараган ысымдар жана фамилиялар тууралуу маалымат берди. Тизме 2005-жылдан 2016-жылга чейинки паспорттогу маалымат базаларына ылайык түзүлгөн.
Ага ылайык, кыргыз жеринде эркектерге таандык эӊ популярдуу ысымдар: Азамат, Александр, Нурбек, Нурлан, Айбек, Руслан, Сергей, Кубанычбек, Владимир, Мирлан. Кыздардын популярдуу ысымдары: Айнура, Наргиза, Татьяна, Динара, Аида, Наталья, Назира, Елена, Мээрим жана Асел.
10 эӊ популярдуу аял, эркектердин фамилиясына Исмаилов, Абдуллаев, Акматов жана башкалар кирген.