Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында 3 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 18:50 чамасында Сельповская көчөсүнүн №1/13-үйүнүн тургуну, 2013-жылы туулган Имран Шамшыбековдун арыктагы сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу жүргүзүп, аны таба алышкан жок. 5-апрелде издөө иштери улантылмакчы.