Малайзияда өткөн Эл аралык жаш ойлоп табуучулар олимпиадасында кыргыз окуучулары 5 алтын медаль тагынышты

1-3-апрель аралыгында Малайзиянын Пенанг шаарында "Malaysian International Young Inventors Olympiad" олимпиадасы (Эл аралык жаш ойлоп табуучулар олимпиадасы) болуп өттү. Ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн окуучулар катышты.

Кыргыз мамлекетинин атынан олимпиадага “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин, Ош шаарындагы “Себат” кыздар лицейинин, Ош шаарындагы “Сема” лицейинин, Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин, Токмоктогу Ж.Баласагын атындагы лицейдин жана Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы балдар лицейинин окуучулары катышты. Жыйынтыгында кыргыз жаштары 5 алтын, 6 күмүш жана 13 коло медалга ээ болушту.

"Malaysian International Young Inventors Olympiad" олимпиадасы Малайзиянын Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган. 2016-жылы бул сынакка 216 долбоор катышып, алардын ичинен кыргыз өлкөсүнөн 24 долбоор көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asiana
2016-04-05 09:06:59
Азаматтар! Рахмат кыргыздын рухун духун которгон окуучулурыбызга жана Себатка.
+3
munara.11.
2016-04-05 09:08:32
кениреек маалымат бере кетсенер болмок?эмнени ойлоп тапканы учун алтын медаль алышканын(работаларын коргозуп )дегендей
+10
Aylin.91kg
2016-04-05 10:08:36
Азаматсынар жаш ойлоп табуучулар, силерди окутуп, тарбиялаган агай- эжелерге рахмат.
0
abusait
2016-04-05 12:31:31
кыргызстанда баардык мектептер ушундай онуккон сапаттуу болсо жакшы болмок. Тилеке каршы мектептерде асман менен жердей айырмачылык бар.
0
birekiuchtort
2016-04-05 12:44:54
Семетей лицейим менен сыймыктанамго азаматсынарга!
0
illusion
2016-04-05 23:28:23
24 долбоор корсотулгон болсо, баары байгеге жетишиптир да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан