Чүй облусунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттарды алды

Чүй облусунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-апрелде саат 05:30 чамасында Ленин айылында болгон. Анда Алматы көчөсү менен түштүк тарапка кетип бараткан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын 1951-жылы туулган С.О. аттуу айдоочусу рулду башкара албай жолдо кетип бараткан 1980-жылы туулган Б.Ш. аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, сол буту сынып, шок абалында ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып пул төөлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан