Гонконгдун жашоочусу Рики Ма актриса Скарлетт Йоханcсондун "робот-көчүрмөсүн" жасап чыкты. Анын айтымында, ал кичинекей кезинен фантастикалык роботторго кызыгып келген. Андыктан бул ирет өзүнүн жеке роботун жасоону чечкен, бирок дизайнер аны жасоодо бир топ сындарга кабылган. Жасоо процесси бир топ кымбат жана татаал болорун айткандар да чыккан. Ага карабай Ма жумушун акырына чейин жасап, жыйынтыгында робот 50 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 4-апрелде жазып чыгышты.
Роботтун аты - Марк 1. Ал жасалган бөлүкчөлөрдүн 70 пайызы 3D-принтерде басылган. Ма Голливуд жылдызынын көрүнүшүн көчүрүп алганын, бирок ким экенин айткан эмес. Интернет колдонуучулары роботту көрүшөрү менен Марк 1дин прототиби Скарлетт Йоханcсон экенин айтышкан.