Бүгүн, 27-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Жылдыз Жолдошева адатынча микрофон талашып ызы-чуу салды. Ага берилген убакыт түгөнүп, кошумча убакыт беришин сурады эле, төрага кезекте башка дагы депутаттар бар экенин айтып, анын сунушун орундаткан жок. Ортодо депутат айым төраганын дарегине орунсуз сындарды айтууга жетишти. Айта кетсек, жыйында жер тилкелерине тийиштүү мыйзам долбоору каралып жаткан. Долбоор баш калаадагы басып алынган жерлерди мыйзамдаштырууга багытталган. Долбоордун маңызын жакшы түшүнбөй калган Жолдошова мыйзамсыз жер тилкелерине ээ болгон жарандардын жерин тартып алуу менен өкмөткө элдин нааразычылыгы күчөй турганын айтты эле, депутат Эсенгул Исаков ага мындай жооп узатты: “Сиз элге туура эмес маалымат берип жатасыз, биринчи документ менен жакшылап таанышып чыгыңыз”.