Борбор калаада 5 килограмм баңгизат менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 1-апрелде түнкү саат 03:00 чамасында эс алуу жайларынын биринен Талас облусунун 1986-жылы туулган Т.А. аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 5 килограммды түзгөн баңгизат салынган мүшөк табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.