Азыркы учурда интернетсиз жашоо кыйындап баратат. Адамдардын интернетке көз каранды болушуна тийиштүү SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернет - бул оорубу?" деген тема талкууланууда.
"Мурун интернети жок кантип жашап жүрдүк экен, ээ, эч элестете албайм. Азыр интернет менен "ооруйм", айрыкча "Суперге" катталгандан бери. Күнүнө бир-эки жолу интернетке кирбесем кадимкидей курсагым ачат, бир нерсе жетишпегендей боло берем. Интернет оорубу же мээни өзүнө келтире турган затпы?"- дейт теманын автору.
Колдонуучулар түрдүү пикирлерин калтырышкан:
"Мен интернетке кирбей эки күн зорго чыдадым".
"Ооба, интернетти образдуу түрдө оору деп койсо да болот. Кызыктуу нерсенин баары ошол жакта болуп жатса, анан кантип аны менен оорубайсың?"
"Мен оору дегендерге кошулбайм. Жөн гана күндө үч жолу тамактанып, бир жолу уктагандай эле жашообуздун бир бөлүгүнө айланып калган. Анан "жипсиз байланган" дегенге анча ишенбейм".
"Бойдокчулук менен коштошкондон бир аз убакыттан кийин интернет өзү эле таштап кетсе керек. Интернеттен кутулгуңар келсе балалуу болгула. Менин эки балам эки жагымдан интернетке жеткирбей эле шайымды кетирип коюшат. Биротоло артта калбайын деп акыркы жаңылыктарды окуп коём".
"Интернет тамеки сыяктуу, башында сонуркоо, анан эрмек, "любой" убак таштап жиберем дейсиң. Бирок анын кулу болуп калганыңды байкабайсың. Баары адамдын өз эркинде. 7 жылдан бери интернет менен "ооруйм". Эч бир кызга мынчалык узак убакыт көңүл бөлбөгөм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.