Борбордо "мечиттердин биринен уурулук жасаган" деген шек менен Токмок шаарынын тургуну кармалды

Борбордо "мечиттердин биринен уурулук жасаган" деген шек менен Токмок шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде милицияга арыз менен 28 жаштагы М.Э. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук мечиттин ичинен белгисиз адамдар анын 4 миң сом жана паспорту салынган сумкасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 30 жаштагы Р.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_3
2016-04-05 11:47:01
Видеосу да жүргөн эле .
0
amanatym
2016-04-05 11:50:56
мечиттерде меникин да уурдаган
0
kobra86
2016-04-05 12:47:34
Ошол мечиттен уурулук коп болот анан алар колго тушот менттер мн байланышы барбы эртеси эле кое беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан