SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Маршрутка сейил бакта "сейилдеп" жүрөт го..." деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Видеодо №199-маршруттук таксинин айдоочусу эрежени одоно бузуп, унааны сейил бакта айдап баратканын көрүүгө болот. Тыюу салынган жайда унаа айдаган айдоочунун атайын уруксат күбөлүгү барбы же бул кадимки көрүнүшпү, айтор, белгисиз. "Айдоочу жазасын алсын, жол кыймылын көзөмөлдөгөндөр жооп беришсин" деп интернет колдонуучулары аны сынга алышууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.