Токтогул районундагы Саргата айылынын тургуну Бараталы Султакеев жер төлө казып жатып кумура таап алган. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына бүгүн, 5-апрелде билдирди.
Анын айтымында, тереңдиктен табылган кумуранын ичинде эч нерсе болгон эмес. Ал эми Бараталы мырза кумура табылгандан кийин адистерге да кайрылган эмес.
"Мен биринчи жолу 1986-жылы үй салып жатканда бир кумура таап алгам. Жакында дагы бирди таптым. Булар учурда үйдө сакталып турат. Кызыгып, кайсы кылымга таандык экенин билгиси келгендер деле кайрылган жок. Булар чоподон жасалган кумуралар го деп ойлоп турам",- дейт
Б.Султакеев.