Бишкекте "үйдүн алдында турган 400 долларлык велосипедди уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм

Бишкек шаарында "үйдүн алдында турган 400 долларлык велосипедди уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 42 жаштагы А.Р. аттуу жаран кайрылган. Ал 25-мартта саат 07:00 чамасында баасы 400 долларлык Гигант үлгүсүндөгү велосипедин үйүнүн алдынан уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбордун 19 жаштагы И.Б. жана 17 жаштагы К.А. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан