Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында ойноп жаткан 5 жашар баланы темир-бетон тосмо басып калып, оор жаракаттардан улам ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 2-апрелде саат 19:00 чамасында Шопоков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Анда 4 кабаттуу үйдүн артында ойноп жаткан балдардын бирин - 5 жашар эркек баланы темир-бетон тосмо басып калган. Окуяга күбө болгондор тез арада тосмону көтөрүп, баланы сууруп чыгып ооруканага жеткиришкен. Бирок бала башынан оор жаракат алып, өзүнө келбей жатып жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Баланын ата-энеси эч кандай арыз-доосу жок экенин билдирип, милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Жергиликтүү тургун билдиргендей, буга чейин жамгыр жаап, жер жумшарып калгандыктан улам эски тосмо кулаган болушу мүмкүн.