Аламүдүн районунда 3 жашар баланы суудан издөө иштери натыйжасыз болууда

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда 3 жашар баланы Аламүдүн суусунан издөө иштери натыйжасыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ленин айылынын 2013-жылы туулган Имран Шамшыбеков аттуу тургуну 4-апрелде сууга чөгүп кетти" деген билдирүү түшкөн. 4-5-апрель күндөрү жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери натыйжа берген жок. "5-апрель күнү кеч болуп кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан