Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Жеңиш көчөсүндө жайгашкан турак жайдын жыгач устундуу, шифер менен жабылган 80 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 6 жаштагы баласынын шоктугу себеп болгон.