26-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы 12-14 жаштагы окуучулар арасында өткөн мелдеш соңуна чыкты. Айта кетсек, мелдешке 5 команда катышып, аркан тартыш, чуркоо, кичи футбол жана башка оюндар боюнча жарышты. Соңунда аркан тартыш жана кап менен секирүү боюнча 1-орунду №15-мектеп, чуркоо боюнча
№16-мектеп алды. Ал эми кичи футбол жана стол тенниси боюнча №14-мектептин окуучулары 1-орунду алды.