Орусиянын Воронеж шаарында баңгизатты балдардын чайы менен аралаштырып таратып жаткан 23 жаштагы кыргыз жана 24 жаштагы өзбек жараны кармалган.
Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, бул эки адам 2014-жылдын октябрынан бери аталган шаарда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүп келишкен болсо, көп өтпөй тиешелүү кызматтар тарабынан кармалышкан. Алардын жашаган батирин тинтүүгө алган маалда 1 килограммдан ашуун героин табылган. Соттук териштирүүлөр маалында кармалгандардын бири дагы 1,5 килограмм баңгизатынын катылып жаткан жерин көрсөтүп берген. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, 5-апрелде алардын бири 12 жылга, экинчиси 14 жылга эркинен ажыратылды.