Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө Орусиянын 41 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул маалыматты бүгүн, 27-мартта акыйкатчы Турсунбек Акун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен болгон жолугушууда айтты. “Чет элдик жарандар биздин түрмөлөргө кандайча кабылып жаткандыгын иликтөөдөбүз. Москвага барып, ал жактын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык жарандар менен да жолугушуп келүүнү ойлоп жатам”,- деди Акун. Акыйкатчы кошумчалагандай учурда Кыргызстандагы абактарда Тажикстандын 54, Өзбекстандын 81 жана Казакстандын 84 жараны отурат.