Борбор калаада 25 жаштагы жаранды белгисиз адамдар бычактап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 00:52 чамасында "Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы жигитти бычактады" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери медициналык алгачкы жардам көрсөтүшкөн, бирок оор жаракаттан улам жабырлануучу каза болуп калган. Окуянын күбөлөрү жабырлануучуну белгисиз адамдар бычактап, изин жашырып кетишкенин билдиришкен.