Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучуларына карата дайындалган сот процесси кийинки жумага жылдырылды

Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучуларына карата дайындалган сот процесси 14-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 2-декабрында Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары А.Б., Б.Б., Ж.А., З.Б., С.М., Э.Д. Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси менен айыпталып, иш соттук териштирүүгө өткөрүлгөн.

Аталган кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум 2015-жылдын 15-декабрына дайындалып, ошол убактан бери соттук териштирүүлөр бир нече жолу жабырлануучулар менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн келбегендигине байланыштуу жылдырылып келген.

Бул кылмыш иши боюнча жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү, күбөлөр толугу менен суралып бүткөн, бирок соттолуучу З.Бнын оорусуна байланыштуу соттук процесс жылдырылып келет.

2016-жылдын 1-апрелине дайындалган соттук отурум кайрадан жогорудагы себептерге байланыштуу жылдырылып, келерки соттук отурум 2016-жылдын 14-апрелине белгиленди.

Кошумчалай кетсек, аталган окуу жайдын тарбиялануучулары 2015-жылдын 20-октябрында Бишкектеги №38-мектепке бастырып киришкен. Окуя болгон жерде мектеп окуучуларынын сабалганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2016-04-06 23:45:00
Мызамды ыйык тутуп елге кызмат кылабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан