Чүй облусунун тургундары өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти

Чүй облусунда жергиликтүү тургундар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү учурунда Шорго жайлоосунун 37 жаштагы С.М. аттуу жашоочусу ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Аталган жайлоонун 54 жаштагы тургунунун үйүнөн тиешелүү документтери жок ок атуучу курал табылган. Ал да куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Ошондой эле Орловка айылынын 61 жаштагы И.Ж. аттуу тургуну кечээ, 5-апрелде таап алган ок атуучу куралын милиция кызматкерлерине тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан