Борбор калаада "пикир келишпестиктен улам 25 жаштагы жигитти бычак менен сайып өлтүргөн" деп шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-апрелге караган түнү саат 00:52 чамасында Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин жанында орун алган. Анда кафеде отурган жигиттердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, бир нече жигит сыртка чыгып мушташа кетишкен. Мушташкандардын бири 25 жаштагы жигитти бычактап, оор жаракаттан улам ошол жерден каза болуп калган. Кылмышка шектүү катары алгач массалык мушташка катышкан 8 адам кармалган. Кийин алардын ичинен экөөсүнүн күнөөсү бар экени далилденип, аларга карата "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда алар камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.