Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө чек койбоо сунушталууда

Парламенттин 27-марттагы жыйынында жалпы республикалык тестирлөөгө арналган маселе каралды. Анда эл өкүлдөрү бул сынактын оң жана терс жактары тууралуу талкуу жаратышып, сунуштарын билдиришти. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, жалпы республикалык тестирлөөнүн өтүшүнө кайсы бир күндү белгилөө туура эмес. "Америкада окууга өтүүнү каалагандар өздөрүнө ыңгайлуу болгон учурда тест тапшыра алышат, ал эми бизде чек коюлган. Тест тапшырган күнү өлкөдө жок болуп калгандар же кандайдыр бир шартка байланыштуу келе албай калгандар бир жыл убакытын уттурууда",- деди Бекешев. Ал эми депутат Курмантай Абдиев жалпы республикалык тестирлөөдө берилүүчү суроолордун орусча даярдалып, андан соң кыргыз тилине которулушуна нааразы. "Орусчадан кыргыз тилине которууда оркойгон каталар пайда болууда. Эмне үчүн суроолорду кыргызча түзүүгө болбосун?" деди эл өкүлү.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан