Ош облусуна караштуу Араван районунун Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкери 15 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-апрелде милиция кызматкерлерине арыз менен Араван районунун тургуну кайрылган. Ал Араван районунун аталган башкармалыгынын кызматкери үй курууга ала турган жер тилкеси үчүн 15 миң сом акча каражатын талап кылып жатканын билдирген. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан “опузалап пара талап кылуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Атайын дайындалган иштин негизинде аталган башкармалыктын кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан маалда кармалды.