Бишкекте айдоочу Ыкчам издөө кызматынын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп, андан кийин бычак менен сайып жиберди
Бишкекте айдоочу Ыкчам издөө кызматынын кызматкерин бычак менен сайып жиберип, ал эми кызматкер анын ич тарабына атып алды. Бул тууралуу 6-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 6-апрелде ыкчам издөө иштеринин алкагында Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан Мерседес жана Одиссей үлгүсүндөгү эки унаа токтотулган. Одиссей унаасынын айдоочусу токтобой, белгисиз тарапка качып кеткен. Мерседес үлгүсүндөгү унааны токтотуу маалында айдоочу ыкчам кызматкерин сүзүп, унаасынын капотунда бир канча метрге сүйрөгөн. Андан кийин айдоочу унаасынан түшүп, кызматкерди бычак менен сайып жиберген. Кызматкер табелдик куралы менен кылмышка шектелген жарандын ичине атып алган. Ошол маалда кылмышка шектелген адам кармалган. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.