Бишкекте дайынсыз жоголуп кеткен карыя изделүүдө. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 79 жаштагы Ханов Ринат Абдуллаевич аттуу карыя 5-апрелде борбор калаадагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Үйдөн чыгып жаткан маалда көк түстөгү көйнөк, боз түстөгү костюм, кара бут кийим, башына кара кепка кийип кеткен. Эс тутумун жоготуп коюшу мүмкүн.
Бул карыяны көргөндөр болсо, төмөнкү байланыш телефондоруна чалып койсоңуздар: (0312) 56-60-43, (0551) 10-21-62, (0551) 10-25-38. Сүйүнчүсү бар.