Индияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы кыргыз жараны Бхубанешвар шаарында сексуалдык кулчулукка кабылган. Кыргыз жеринде мугалим болуп эмгектенген аял февраль айында Гоа жана Бангало́р шаарына барган. Кийин ал Бхубанешвар шаарындагы сойкуларды иштеткен кишинин (сутенёр) колуна түшүп калган. Ал эми 23-мартта жергиликтүү полиция жүргүзгөн рейддин алкагында сойкуканадан чыгарылган. Белгилүү болгондой, 5-апрель күнү Индиядагы элчиликтин кызматкерине өткөрүлүп берилип, Дели шаарына жөнөтүлгөн. Учурда аны мекенине жиберүү аракеттери көрүлүүдө.
"Бул маселе элчиликтин жана министрликтин көзөмөлүндө", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.