Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген 28 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шаарынын 55 жаштагы Ф.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 6-апрелге караган түнү саат 00:50 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн айнегин талкалап, изин жашырып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы К.Э. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан