Бүгүн, 27-мартта президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, аталган уюмдун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Мирослав Енчаны кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун аталган борборунун ортосудагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Алмазбек Атамбаев КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле өлкө башчы БУУнун Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Мирослав Енча Кыргызстанды 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын, Коргоо кеңешинде колдоого алынган Кыргызстанда эл биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын маанисин баса белгиледи.