Түркияда "сойкуларды иштетет" деген шек менен Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан жарандары кармалышты

Түркия мамлекетинин Адана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан мамлекетинин жарандары "сойкуларды иштетет" деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, полиция кызматкерлерине аталган шаардын Сейхан аймагындагы жергиликтүү тургундары кайрылышкан. Алар Кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктин ишин аткаруу үчүн алынган батирден сойкулук кызматтары көрсөтүлүп жатканын билдиришкен. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында аталган даректен азербайжан улутундагы 40 жаштагы Б.Хаббат жана 35 жаштагы Б.Айсулуу аттуу кыргыз жараны "сойкуларды иштетип жатышат" деп кармалышкан. Кармалгандар өз мамлекеттеринен кыздарды "жумуш менен камсыз кылабыз" деп чакырып, аларды сойкулук кызматтарына мажбурлагандарын билдиришкен.

Полиция кызматкерлери кардар катары аталган дарекке барып, болжол менен 350-370 долларга кыздарды жалдашып, ал жерден 2 азербайжан жана 1 кыргыз кызын кармашкандыгы маалыматта айтылган. Ал кыздар ошол жакта эки айдан бери иштеп жатышканы белгилүү болгон. Полиция кызматкерлери Б.Хаббат жана Б.Айсулууну кармап, андан кийин 36 жаштагы Т.Али аттуу алардын жетекчисин кармашкан.

Кармалган аялдар өлкөдөн чыгарылат. Ал эми "аларды мажбурлап иштетип жаткан" деп айыпталгандардын иши соттук кароого өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Arslan12
2016-04-07 13:54:26
Со1тошсун мажбурлагандарды, эмнега азер кыздар барбайт мындайга!
0
kona_bmw
2016-04-07 14:04:21
откондо Турцияда кыргыз сойку кыздар кобойуп баратат деп жаза коюп балееге калдым эле )) мына сага, болбой эле сойкуларды актап аткандар окугулачы... дагы коп жолу кармалат булар!
+2
Rifle_3
2016-04-07 14:27:41
Кыздар каякка эле барып жатышат. Жашоо башаламан болуп кетти. Түндүк кореянын жашоосун кандай болду экен ? Сойку, бомж дегендер болду бекен а ?
+1
kenesh0749
2016-04-07 14:48:15
ташбаранга алыш керек буларды уяты жоктор
0
syd.adilet
2016-04-07 15:11:11
Мажбурлап иштеткендерди омур аягына чейин камаш керек же атып салыш керек элдерге коргозуп ошондо кичине болсо да азаймак акмактар.
0
Bonia9189
2016-04-07 17:32:06
Дос кызым Анталияда иштейт анан айтат биякта аябай коп андай кыргыз кыздар,азыр улутум кыргыз десен эле ааа ж...пбы деп ойлошот,кыргызмын денгенденда уялам ошон учун казакмын деп коём дейт
0
Aikokul.02
2016-04-07 18:52:39
Турктор аялдарды кыздарды эчкачан эл козуно коруно турган жерде иштетишпейт, кафе ресторандарда бир гана эркектер иштейт экен.Менин кайын журтумданда(учурда жашабайбыз) да бар ошондой кыздар сойкулук мн алектенет.КРга эчнерсе болбогондой койкойуп келип кетишет озунон уулу кишилер мн убактылуу жашашаткен акчага
0
Супер саяк
2016-04-07 20:37:08
Урматтуу КЫРГЫЗДЫН кыздары эмне мынча легко доступный болуп кеттинер? Намыс каякта. Жанагы патриоттор туура эле кылышат окшойт...
+1
taoni
2016-04-08 19:34:20
Бул жакта тытынып бала багып, кемпир багып, уй жыйнап эле журушот кыргызымдын жакшы кыздары...жумада бир канча саатка эле выходной алышат... айла жок, олкобуздо иш жок болуп жатпайбы...
0
taoni
2016-04-08 19:35:25
Мамлекет ылгабай эле кыргыз паспортун бере берсе ушинтип атыбыз чыгат...
0
admin_portal
2016-04-13 16:00:59
taoni, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан