Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Замирбек Aскаров 6-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты орнотуу фонду жана Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Вице-мэр Ош шаарындагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин белгилеп: "Ош шаардык мэриясы жарандардын жашоосун жакшыртуу, достукту бекемдөө иштерине колдоо көрсөтүүгө даяр",- деп билдирди.
Аталган фонддун директорунун орун басары Мари Ямашита фонд Ош шаарында 3-4 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын белгиледи. "Этностор аралык чыңалууну жоюу боюнча ресурстарга жетүү маселелерин чечүүдө бизге жакшы саясий колдоо болуп жатканы байкалууда. Шаардыктардын арасында ынтымак жана достукту бекемдөө демилгелери мындан ары да улантылат деген үмүттөбүз. Ош облусунда ишибизди кеңири жайылтууну көздөп жатабыз",- деп билдирди Ямашита.