Бишкекте “унааны мыйзамсыз түрдө тартып алган” деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында “унааны мыйзамсыз түрдө тартып алган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Чүй облусунун 36 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кайрылган. Ал Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан белгисиз адам ага тиешелүү Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз түрдө тартып алып, айдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 26 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан