ЖКнын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы ЖОЖдордун аймактарда жайгашкан филиалдарын жоюуну сунуштоодо. Айтымында, филиалдардын көптүгү билим берүүнүн сапатын төмөндөтүүдө. Мисалга медицина тармагын алган эл өкүлү өлкөдө медицина адистерин даярдаган бардык окуу жайларды Медициналык академиянын базасына кошууну айтты. Өз кезегинде вице-премьер-министр Камила Талиева билим берүү тармагын оптимизациялоо боюнча реформа жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.