"Медиа-порталда" көп көрүлүп, көпчүлүктүн жылуу пикирине татыган клиптердин бири - Ильяз Андаштын "Айгүлүм" ырынын клиби. Клип тартуудагы кыйынчылыктар жана кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Ыр элдик чыгармачылыкка таандык болгондуктан, татыктуу клип тартуу керек эле. Клипти
"Кыргызфильм" студиясы 2008-жылы тарткан. Идеясы режиссёр Айбек Дайырбековго таандык. Башкы каармандын ролун Элина Абай кызы ойногон. Ошол учурда суук болуп, жамгыр жаап туруп алгандыктан, күндүн чыгышын күткөнбүз.
Албетте, ал учурда жаш, тажрыйбасыз болчумун, уялып образга жакшы кире алган эмесмин. Ошондуктан баары мен ойлогондой кемчиликсиз тартылган эмес. Азыр видеону карап отуруп, жасалма ойногонумду байкайм. Азыр ойносом андагы каталарды кайталабасам керек эле. Клип менин чыгармачылыгымдагы кымбат тартылган клиптердин бири. Роялды кран менен жүк ташуучу унаага жүктөп, клип тартуучу аянтка алып барганбыз. Тартуучу топтун курамында 20дан ашык адам иштеген".
Ильяз Андаштын "Айгүлүм" ырына тартылган клипти бул жерден көрсөӊүз болот.