Панфилов районунда милиция "жаңы төрөлгөн ымыркайды 20 миң сомго саткан" деп шектелген аялды колго түшүрдү

Чүй облусунда "жаңы төрөлгөн ымыркайды белгисиз бирөөлөргө саткан" деген шек менен 1976-жылы туулган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары каралып жаткан аял март айынын аягында Панфилов районундагы аймактык төрөт үйүндө уул төрөгөн. Милиция ымыркайдын 20 миң сомго Чүйдүн тургунуна сатылганы тууралуу маалымат алып, учурда иликтеп жатат. Учурда баланын энеси жана аны менен чогуу жашаган 1984-жылы туулган Ош облусунун тургуну шектүү катары каралууда жана иликтөө иштери бүтүп, сот чечим чыгарганга чейинки мөөнөткө камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baska
2016-04-08 08:51:37
Ой тооба адамдар не болуп бара жатышат,кантип оз жанынан чыккан баласын сатат.тушунбойм да ушундайларды......
0
radyakiz
2016-04-08 09:48:03
Аял 1976-ж,чогу жашаганы 1984-ж болсо,не деген шумдук озунон кичуу мн жашап. Чын эле кайда баратат ыйман,ынсаб такыр калбай баратат окшойт
0
megaton80
2016-04-08 10:05:10
Кантип сатты экен оз баласын оо кудай эмне болуп баратабыз
0
djigit90
2016-04-08 11:24:09
Ымыркай бироого зар бироого кор. Биз уйлонуп 2жыл балалуу болбой жубайым экообуз ыйлаган кун болду. Аллахым ыйман берсин мындайларга.
0
Bazana
2016-04-08 14:04:33
Кочого таштап ит мышыкка жем кылганча жакшыго бирок оз баласын сатууга кантип дити барды экен
0
alhamdulillah
2016-04-08 18:27:11
Bazana туура айтасын туалетке,ит мышыкка жедиргенче аман эсен бироого берген жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан