Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран токтотулган. Текшерүү иштеринин натыйжасында паспорт башка адамга таандык экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө берилди.