Ысык-Көл облусунда “Хизбут-Тахрир”экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрелде терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү иш-аракеттеринин алкагында “Хизбут-Тахрир”экстремисттик уюмунун активдүү 4 мүчөсүнүн бири 1974-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Б.Н. аттуу тургуну кармалды. Аталган уюмдун мүчөлөрүнүн жашоочу жайларын тинтүү маалында диний-экстремисттик багыттагы тыюу салынган китеп жана дисктер алынган. Учурда алар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.