Испаниянын Виго шаарында 51 жаштагы жаран өз үйүндө чогулткан таштандылардын алдында калып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркум көп жыл бою керексиз буюмдарды чогултуу адаты менен жабыркап келген. Ал байланышка чыкпай жаткандыгын полицияга анын таанышы кабарлап, айтылган дарекке барган полициянын кызматкерлери таштандылардын алдынан анын жансыз денесин көрүшкөн. Маркумду өз күчү менен чыгара албай койгон кызматкерлер өрт өчүрүүчүлөрдү да чакырууга мажбур болушканы маалым.