Бишкекте “милиция кызматкерин бычактады” деп Марс Талканбаевге тагылган айыптар негизсиз" дейт анын жактоочусу

"Бишкекте “милиция кызматкерин бычактады” деп Марс Талканбаевге тагылган айыптар негизсиз. Аны “каршылык көрсөткөн” деген шылтоо менен Октябрь РИИБинин кызматкери атып салган". Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Талканбаевдин жактоочусу Жаманкул Жунусов маалымат жыйынында айтты.

“6-апрель күнү Марс Талканбаев Урмат аттуу таанышынын унаасында Юнусалиев көчөсү менен бараткан. Ошол учурда алардын унаасын Субару Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолун тороп токтоткон. Унаанын ичинен тапанча көтөргөн 2 адам чыккан учурда ал таанышы экөө андан бир күн мурунку “көчөдөн адамды атып кетти” деген окуяны эстеп, токтобостон айдап кетишкен. Ошол маалда унаанын капотуна үчүнчү адам секирип, капотуна бир нече метр аралыкка жабышып барган. Патрулдук милициянын унаасын көрүп, жардам суроо үчүн токтогондо М.Талканбаев шок абалында качууга аракеттенген. Анын артынан кубалаган адам аны колуна атып, үстүнөн басып отуруп алган. Кийин ок чыгарган адам Октябрь РИИБинин Ыкчам издөө кызматынын кызматкери экени аныкталган. Ал дароо адамды атпай, абага атышы керек болчу. Учурда “бычактан жараат алды” делген кызматкер үйүндө экени маалым”, - деди Жунусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beka.kaba
2016-04-08 14:12:34
гаилер жеткен ХХХ да
+2
admin_portal
2016-04-08 14:29:25
Beka.kaba, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 1 күн БАН!
0
abusait
2016-04-08 16:03:54
Кимисине ишеништи да билбейсин.. . Качан бизге бейпил тынч жашоо келет. ? Адамдарга кудайдан гана тиленебиз ыйманды .
0
omurbek1990
2016-04-08 18:11:11
жактоочуларга акча берсен тераристида жактай беришет.
0
suymon
2016-04-08 21:45:48
Соз жок кыргыз елине.алга деп да айта албайм.негизи адам бололучу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан