Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган адам көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан өзүн таштап жибергенин 8-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-апрелде саат 17:04 чамасында “Тез жардам” кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен адам кулап түштү" деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери барып, 4-кабаттан кулап түшкөн 42 жаштагы адамга алгачкы жардам көрсөтүшүп, андан кийин аны ооруканага жеткиришкен. Ал адам өзүн өзү өлтүрүү аракетинде ушундай кадамга барганын айткан.