Чүй облусунда бейбаштык жана уурулукка шектелгендер кармалышты, алардын бири 15 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылынын 38 жаштагы Т.Ж. аттуу тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын декабрь айында белгисиз адамдар үйүнүн эшигин талкалап кирип, 30 миң сомго бааланган жеке буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 15 жаштагы М.И. аттуу өспүрүм кармалды.
Ошондой эле милицияга арыз менен Кемин районунун 66 жаштагы С.Т. аттуу тургуну кайрылган. Арызында ал 6-апрель күнү саат 22:30 чамасында мас абалдагы жигит бейбаштык кылып, дүкөнүнүн айнегин сындырып кеткенин билдирген. Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 23 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кармалып, иштин чоо-жайын териштирүү үчүн милициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.