Баткен облусунун Кадамжай районунда никеге турганы жаткан 50 жаштагы адам молдону сабап салды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кадамжай районунун 50 жаштагы тургуну айыл молдосуна нике кыйып берүүнү суранып кайрылган. 53 жаштагы молдо ал кишинин суранычы менен үйүнө барып нике кыйып жаткан маалда никеге туруп жаткан аялдан "Башка адам менен никеңиз барбы?" деп сураганда ал бар экенин айтат. Молдо ал аялдын никеде турган жолдошунун телефон номуруна чалганда ал “аялымды кайра үйгө алып келгиле, эч кандай нике окубайсың” деп айткан. Бул тууралуу уккан молдо никеге тургузууга макул болбой кетип баратканда никеге турганы жаткан адам молдону сабап салган. Бул окуяны молдо милиция кызматкерлерине айтып кайрылган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.