Кара-Кулжа районунда өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча экспертиза дайындалды

Кара-Кулжа районунда 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактык милицияга 5-апрель күнү арыз менен жергиликтүү мектептердин биринде окуган 9-класстын окуучусунун апасы кайрылган. Ал 16 жаштагы кызын аны менен тең бала зордуктап койгонун билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы жигит кармалып, бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгынын негизинде кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралмакчы. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жигит кызды зордуктабаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursultankyrgyz
2016-04-11 18:47:20
Олум жазасын киргизсек жакшы болмок.Биз кыргыздар Кудайга эмес шайтанга кул болуп калганбызбы?Ар куну олум,зордуктоо,коррупция ж.б жанылыктарды угасын.Каяктагы Европа,Россияны дуурап кыргыз экениьизди унутуп баратабыз.Ойгон элим!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан