Бишкекте "чала таанышынын 6 миллион сомго бааланган унаасын сатып жиберген" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында "чала таанышынын 6 миллион сомго бааланган унаасын сатып жиберген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен И.Р. аттуу жаран кайрылган. Ал 5-февраль күнү анын чала таанышы ишенимине кирүү менен Мерседес Гелендваген G55 үлгүсүндөгү унаасын алып, ордуна Тойота Ленд Крузер 570, Тойота Ленд Крузер 470 жана Мазда Трибут үлгүсүндөгү унааларын берем деп убадалап, алган унаасын башка адамга сатып жибергенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 6 миллион сомду түзгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.И. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
imanchik
2016-04-08 17:08:29
Гелик ошондой кымбатпы?))
+2
Musio
2016-04-08 20:54:49
imanchik,Кооп кутурган,бок курсактар,адам олтургучтор жана баашка акчалуу адамдарда гана болот...)))))))))))))))))))аны элдин баары билет,даже сен да ))))биз фитке ыраазы болобуз ))) жоо журбоин деп))) Адам баласы ошондой экенда омур откончо козу тоибоит)))дагы дагы!!деп турат))0
0
Arslan12
2016-04-08 17:34:42
Алдаган да
+2
Rifle_3
2016-04-08 19:07:13
6'000'000 сом , охооо. Тиги камалып кутулуп кетет эми.
+5
Musio
2016-04-08 20:51:50
Rifle_3,колуна сомду карматат да эми _кулака тээп!!!
0
jemile
2016-04-08 19:51:04
6 млн'го 1млн'дон -6
500 миңден -12 машина алып бизнес кылмакмын(хи-хи-хи)

Ишендиргендей шуулдаган ичи койнуна кире койчу неме экен да чала тааныш...

Баса, кирпичке окшогон эле капкара неме мынча кымбат?
+1
Musio
2016-04-08 20:49:48
G классындагы автолор озгочо раритет болуп эсептелинет_эмне дегенде озу аскердик машина болгондондуктан компания МЕРСЕДЕС заводу санаалаган автолорду чыгарган...Азыр заказ менен чыгарылбаса _жон эле чыга бербеит...Баасына соз жок Кымбат болот...мындайларды жон гана кишилер тээп алышпаит_чиновник,бандит,жана башка бизнесмендер эле болбосо)))))
+1
Kroxa
2016-04-08 21:13:54
Эми бул бир чиновниктики карапайм кишинин машинеси эмес.. Ырас болуптур он жолу алдасын мындайларды...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан