Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал анын жеке ишканасына жумушка орношкон Ема аттуу киши өздүгү тууралуу туура эмес маалымат берип, 71 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Эмил Чымырбаев кармалган. Ал буга чейин "зордуктоо", "алдамчылык" жана "тоноочулук" беренелери менен жоопко тартылгандыгы белгилүү болгон. Учурда Э.Чымырбаев камакка алынып, 5 алдамчылык фактысына тиешеси бар деп шектелүүдө.

Эгерде бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0773) 07-05-70, (0312) 48-62-74 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2016-04-08 17:36:20
Суроту жоголуп кетти го?
0
admin_portal
2016-04-08 18:06:28
Arslan12, саламатсызбы!
Сүрөтү турат ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан