8-апрелде Кадамжай районунун Канды аймагында чек ара кызматкерлери аткезчилик менен Өзбекстандын аймагына 800 килограмм лимон алып бара жаткан кыргыз жаранын колго түшүрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал Hyundai Porter унаасы менен Өзбекстан тарапка бет алып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракетин көргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз түрдө сатыла турган лимондун болжолдуу баасы 120 миң сомду түзмөк.
Маалым болгондой, ага карата протокол түзүлүп, айып пул салынган. Ал эми алынган 800 килограмм лимон Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.