Панфилов районунда "16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды" деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалды

Панфилов районунда "16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды" деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде милицияга 41 жаштагы жаран кайрылып, анын 16 жаштагы кызын белгисиз бирөө зордуктаганга аракет кылганын айткан. Көрсөтүлгөн дарек боюнча барган патрулдук милициянын кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары Сокулук районунун Белек айылынын 23 жаштагы тургунун кармашты. Кылмышка шектүү Панфилов райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sagidko88
2016-04-09 14:08:27
Турмодо коросун эми азабынды.
+3
Pandora
2016-04-09 14:37:53
Тооба кылдым адамдарга эмне болуп баратат???? Бироону бироо зордуктап,олтуруп,уруп-тоноп жаткан.
+3
bom.bon
2016-04-09 15:14:22
Pandora,тооба кыла турган заман болуп жатат. .
0
Azahan
2016-04-09 17:14:20
Заман жакшы эле адамдардын пейли жаман болуп калды
+5
baska
2016-04-09 22:23:09
Жалган жалаа жаап акча тапкан адамдар дагы кобойду азыркы учурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан