Бишкектин Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 9-апрелде белгисиз бирөөлөр жолдо бараткан жаранга кол салышты. Кылмышка шектүүлөр аны атышып, бирок ок таамай тийбей, жабырлануучу жеңил жаракат алганы айтылды. Жабырлануучуга окуя болгон жерден алгачкы жардам көрсөтүлгөнүн Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Факт боюнча шаардык милиция иликтөө жүргүзүүдө.