Спортчу Руслан Түмөнбаев менен патрулдук милициянын кызматкерлери элдешти. Буга байланыштуу сот иштери токтотулат. Маалыматты 9-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 2016-жылдын 20-январынан 21-январына караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Р.Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, Республикалык наркологиялык борбордон анын мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан.